• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министрлиги кайдыгер эмес жарандарды биримдикке жана тилектештикке чакырат

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Жарандарды чет өлкөдөн кайтаруу иштери уланууда, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтен билдиришкендей, 2-февралдан 16-майга чейин Кыргызстанга 10 миң 138 мекендешибиз кайтып келген. Жакынкы күндөрү Россиядан жана Беларустан кыргызстандыктарды эвакуациялоо күтүлүүдө.

"Тилекке каршы, айрым жактар тарабынан биздин жарандарды кайтарууну уюштуруу кызматтарын сунуштоо, жалган маалымат таратуу токтобой келет. Чет мамлекеттердин расмий органдары мамлекеттик бийликтин расмий органдары менен гана иштешет жана ал тажрыйба дүйнө жүзү боюнча колдонулуп келет. Андыктан өлкөбүздүн бардык кайдыгер эмес жарандарын, ошондой эле саясатчыларды, депутаттарды, ишкерлерди, жарандык активисттерди, мекендештерибизди бир туунун алдында биригип, мекендештерибизди Кыргызстанга аман-эсен кайтаруу боюнча ынтымакташып иш алып барууга чакырабыз", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий