• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Учакта мерт болгондордун туугандарына 4 миллион рублдан компенсация төлөнөт

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Москва алдындагы кыйраган “Саратов аба жолдоруна” таандык Ан-148 учагынын жүргүнчүлөрү 2 миллион рублга камсыздандырылган. Бул тууралуу Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министир Максим Топилин билдирди.

“Бул стандарттык камсыздандыруу: 2 миллион рубль жана сөөктү жерге берүү үчүн 25 миң рублдан берилет”,– деди ал.

Орусия президентинин Приволжск федералдык аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Бабич өлгөндөрдүн жакындарына Оренбург облусунун бюджетинен кошумча 1 миллион рублдан төлөнөрүн билдирди. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев аймактын бюджетинен 1 миллион бөлүүнү убадалады.

Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши каза болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.

Маалыматтарга ылайык, учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Дүйшөмбүдө Оренбург облусунда Аза күтүү күнү жарыяланды. Оперативдүү топ кара кутулардын бирин тапты.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий