• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Учурда кандай эл аралык жана ички аба каттамдар аткарылууда? Жооп

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстандан Түркия, Россия, Бириккен Араб Эмиратты, Казакстан жана Өзбекстанга үзгүлтүксүз каттамдар аткарылып жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү багыттар боюнча аба каттамдар жүрүүдө:

Түркияга:

• "АвиаТраффикКомпани" авиакомпаниясы Бишкек-Стамбул-Бишкек каттамы боюнча жумасына 1 рейс;

• "Турецкие авиалинии" авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жумасына 5 рейс;

• "ПегасусЭйрлайнс" авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жумасына 7 рейс;

• "ПегасусЭйрлайнс" авиакомпаниясы Анталия-Бишкек-Анталия каттамы боюнча1 рейс;

Россияга:

• "Аэрофлот" авиакомпаниясы Москва-Бишкек- Москва жумасына 1 рейс;

• "АвиаТраффикКомпани" авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек жумасына 1 рейс;

Казахстанга:

• "Эйр Астана" авиакомпаниясы Алматы-Бишкек-Алматы жумасына эки рейс.

Бириккен Араб Эмираттарына:

• "Флай Дубай" авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай жумасына 3 рейс;

Өзбекстанга:

• "Узбекистон хаво йуллари" авиакомпаниясы Ташкент-Бишкек-Ташкент жумасына 1 рейс;

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Кыргызстанда "Авиа Траффик", "Тез Жет" авиакомпаниялары менен ички линиялар боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчүлүк ташуулар аткарылууда:

• Бишкек-Ош-Бишкек 3-4 рейс күнүгө (26 рейс аптасына);

• Жалал-Абад-Бишкек-Жалал-Абад 1 рейс аптасына;

• Бишкек-Баткен-Бишкек 1 рейс аптасына.

Пикир

Оставить комментарий