• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Учурда республикада 34 багып алуучу үй-бүлөдө 63 бала тарбияланууда – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Учурда республикада 34 багып алуучу үй-бүлөдө 63 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдө бир нече жылдан бери ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө өсүү үчүн убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматын өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барылууда.

Балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасы республикада артыкчылыктуу форма экендигин эске алып, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «Балалык институту» коомдук фонду менен биргеликте Чүй облусунун министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн адистерин багып алуучу ата-эне болууну каалаган жарандарды тартуу максатында маалымат кампаниясын уюштурууну, ошондой эле алардын билим алышы үчүн потенциалдуу багып алуучу ата-энелерди тандоо тууралуу окутуу уюштурду.

Тренинг Европа Биримдигинин "Үй-бүлөлүк камкордук формасы: оор кырдаалга кабылган балдар жана үй бүлөлөр үчүн коомдоштук деңгээлинде үй-бүлөгө багытталган социалдык кызматтарды өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий