• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Уюлдук телефон уурдады деген шек менен УКТнын мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Бишкекте уюлдук телефон уурдады деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында милицияга шаар тургуну кайрылып, Бишкектеги соода борборлордун биринде чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткендерге чара көрүүнү суранып, арыз жазган. Анын айтуусунда, телефондун баасы 15 миң сомдон жогору болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалган. Бул жаран буга чейин бир нече жолу ушундай жана башка кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылган. Андан тышкары ведомстводон билдиргендей, кармалган жаран ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турат.

Сот анын баш коргоо чарасын аныктап, К.Б. аттуу жаранды №1 кармоо жайына киргизүү чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий