• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Зилалиевдин мүлкү 158 млн. сомго бааланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Мурунку вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиевдин мүлкү 158 млн. сомго бааланууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы уран кенин чалгындоого уруксат берүүчү лицензияны “Рич Маунт Гонконг тоо кен компаниясы” ЖЧКна ошол кездеги КРнын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Дүйшенбек Зилалиев берип, кийин анын мөөнөтүн узарткан деген маалымат тараган.

Аталган мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2015-жылдын май айынан тарта уранды чалгындоо үчүн 14 лицензия берилген. Жер казынасын пайдалануу агенттигин жетектеген учурда Зилалиев Кыргызстан көз карандысыздык алган күндөн тарта жер колдонуу үчүн берилген лицензиялардын жалпы санынын 3/2 бөлүгүн, ошондо 1969 лицензияны ал берген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Зилалиев лицензия берилген 13 компания менен атайын макулдашып алышы мүмкүн болгон.

Зилалиев 2011-жылдан 2016-жылга чейин өкмөттө жогорку кызмат орундарды ээлеп жатып, мүлкү 2,5 млн.сомду түзөт деген декларация тапшырган. Анын жубайынын кирешеси 408 миң сомду түзөөрү да айтылган. Бирок, укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, мурунку атка минердин активдери анын расмий кирешесинен бир кыйла жогору болгон. Ал 2018-жылга чейин 900 миң доллар өлчөмүндөгү декларациядан өтпөгөн каражаттарды банктык уячасында сактап келген. УКМКнын айтымында, ал бул каражаттарды мамлекеттик кызматта жүргөндө алган.

Мурунку вице-премьер-министр Зилалиев КРнын кылмыш-жаза кодексинин 308-1 беренеси боюнча мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. Расмий маалыматтар боюнча, ал жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору орунундагы ишмердүүлүгү менен байланыштуу.

Ошондой эле эскерте кетчү нерсе, Зилалиевге карата жалган билдирүү таратуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын октябрь айында сот аны шарттуу түрдө үч жылга кескен. КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи учурунда ал катылган бомба тууралуу билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий