• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо: Коррупцияга айыпталган 8 кишинин иши сотко өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ - ТЭЦ) модернизациялоо боюнча иш аяктап, Бишкектин Свердлов райондук сотуна жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"Иш менен таанышуудан кийин Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, Ольга Лавровага кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча тагылган айыптар негиздүү экенин колдо бар далилдер ырастап жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу 11-февраль күнү жогоруда аты аталган адамдарга карата айып корутундусу бекитилип, кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун даярдоодо, кол коюуда жана ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча эксперттердин тыянагына ылайык, мамлекетке жалпы 5 млрд. 439 млн. сом зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий