• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен мэриясынын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбаган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жооптуу кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн 964 миң 700 сомдук тротуар (арык-лотоктору менен) курулуш объектисин акты менен колдонууга кабыл алышкан.

Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө жумуш аткаруучу тарабынан локалдык сметада каралган 1 млн 917 миң 443 сомдук тротуарга асфальт төшөө иши аткарылбагандыгы аныкталып, натыйжада бул зыян толугу менен ордуна коюлду.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий