• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК чет элдиктер үчүн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөн мурдагы акимди кармады

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер Б.К.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштуруу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, экс-акимдин үйүнүн бирине жана ири ишкер «Б.К.А.» (Ак Суу базарынын ээси) аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Такталгандай, Б.К.А. уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышып, тактап айтканда, сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу колдонгондугу аныкталды.

Топтолгон материалдардын негизинде, 2023-жылдын 30-ноябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде ("Ссойкулукка тартуу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Б.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекстери жургүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий