• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Аламедин базарынын сатуучулары дагы митингге чыгышты

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Аламедин базарынын сатуучулары дагы контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, учурда абал туруктуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда.

Сатуучулар салыктык жаңычылдыктарга нааразы. 2024-жылдын 1-январынан тарта республикада патенттин негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жокко чыгарылат.

Мурда Мамлекеттик салык кызматы "Дордой" жана "Кара-Суу" ("Тураталы базары") базарларында өзгөчө салык режими киргизилерин жана анда ККМди милдеттүү колдонуу жокко чыгарылганын билдирген.

Жуманын башында "Кара-Суу" базарынын сатуучулары, андан кийин "Дордой" жана "Мадина" базарынын соодагерлери митингге чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий