• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Эл аралык террордук уюмдардын биринин мүчөсү колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан террорчуларды кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) биринин мүчөсү кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Сириядагы эл аралык террористтик уюмдарга катыштыгы бар делген Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны Бишкек шаарынан кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий