• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Ири өлчөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган казак жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Чет элдик валюталык жасалма акчаларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-августунда экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы аныкталды.

Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ доллары акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны «Д.С.Я.» кармалды.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда

Пикир

Оставить комментарий