• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облустук соту кримтөбөл “Женгону” актады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Ош облустук сотунун 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кадырбек Досонов (“Женго”) акталды.

Облустук соттон билдиришкендей, Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

Өкүмгө нааразы тарапка Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттануу укугу түшүндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий