• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга дээрлик 60 тонна помидорду мыйзамсыз ташып кирүүгө аракеттенишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Кыргызстанга дээрлик 60 тонна помидорду мыйзамсыз ташып кирүүгө аракеттенишкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 40 тоннаны түзгөн помидорду бара турган бажы органына жеткирбөө фактысы аныкталган. Жүк Түркмөнстандан «С.у.К.» ЖИнин дарегине жөнөтүлгөн.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 632 миң 732 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, “Түндүк-Чыгыш» бажысы товарларды декларациялабоо фактысын аныктаган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын февралында «В.Г.» ЖЧКнын дарегине А.Э. аттуу КР жаранынын башкаруусунда Scania үлгүсүндөгү унаа менен Түркмөнстандан Кыргызстанга жалпы салмагы 19 тонна 600 кг, баасы 15 миң 660 долларды түзгөн помидор келгени аныкталган.

2023-жылдын 30-июнуна карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн наркы 316 миң 733 сомду түзгөн (айыппулдарды эсепке албаганда).

Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий