• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.20 /Кабар/. 2020-жылдын 13-июлунда КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы А.А., аттуу кармалган адам Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик уюмдун деструктивдүү идеологиясын жайылтууга активдүү катышкан.

«Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан адам КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөндүгү маалым болду», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Азыркы учурда кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары улануудда.

Пикир

Оставить комментарий