• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК өз мекендешинен ири суммадагы акча талап кылган чет элдик жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Ири суммадагы акча талап кылып жаткан чет элдик жаран кармалды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкөдө ыңгайлуу инвестициялык жана туристтик климатты түзүүдө тиешелүү түзүмдөргө көмөк көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө жана козголгон кылмыш ишинин алкагында республиканын жогорку окуу жайларынын биринин дипломун тапшырууга көмөк көрсөткөнү үчүн мекендешинен 12,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, алып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында чет өлкөлүк жаран айрым чет элдиктер (такталууда) менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, материалдык пайда алуу максатында жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломдорун алууда мекендештерине-бүтүрүүчүлөргө жасалма тоскоолдуктарды жараткандыгы аныкталды.

Учурда кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдарынын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий