• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: "Кыргыз темир жолунан" 500 млн сомдон ашык акча каражатын чыгарып кетүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. КР УКМК тарабынан "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын акча каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шылтоосу менен "Генезис Плюс" ЖЧКнын жана "АтомГрупп" ЖЧКнын дарегине 500 млн сомдон ашык акча каражаттары которулган.

Мындан тышкары, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн көрсөтүлгөн компаниялар менен келишимдер көрсөтүлгөн мезгилинде түзүлгөн эместиги аныкталды. Азыркы учурда "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын бюджеттик кызыкчылыктарына келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Муну менен катар, 2021-жылдын 18-майында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргыз темир жолу” УК" мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., "А.Г." ЖЧКнын жетекчиси А.А.И. жана "Г.П." ЖЧКнын жетекчиси М.Г.Р., "Кыргыз темир жолу” УК" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Д.В.А жана уулу Д.Д.В., (ал дагы ушул коррупциялык схеманын катышуучусу) кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошол эле учурда, Д.Д.В. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тергөө иштеринин өтүнүчү боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, 2021-жылдын 18-июнуна чейин тагырагы бир ай убактыда келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралды.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий