• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп шектелген КР жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Жогорку соттун өкүмү менен кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Мамлекеттик чыккынчылык) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.

Пикир

Оставить комментарий