• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКнын атайын багыттагы кошууну Дубайда өткөн эл аралык мелдеште 4-орунду ээледи

Коом 0


Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Калкан" 9-атайын кошуунунун командасы "The UAE Swat Challenge 2024" атайын бөлүкчөлөрүнүн арасындагы эл аралык мелдеште жалпы командалык эсепте ардактуу 4-орунду, ал эми жеке машыгууларда "Калкан" күчтөрү беш жолку мүмкүнчүлүктө үч жолу 2-орунду ээледи.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болуп өткөн эл аралык мелдешке 40тан ашуун өлкөнүн, 70тен ашуун командасы катышып, анда УКМКнын "Калкан" 9-атайын бөлүкчөлөрүнүн командасы алдыңкы тайпалардын бири катары 4-орунга ээ болду.

3-7-февраль күндөрү болуп өткөн эл аралык сынак атайын даярдыктагы аскерлерге өз өнөрүн, кесипкөйлүгүн жана достук мамилесин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Мелдештин биринчи күнүнөн тарта “Калкан” атайын күчтөрүнүн командасы эң татаал кырдаалдарда мыкты чеберчиликти, укмуштуудай күчтү, тартипти жана тапкычтыкты көрсөтүштү. Тайпанын ар бир мүчөсү ийгиликке жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, дүйнөнүн төрт бурчунан келген командалардын курч атаандаштыгына карабастан, жеңиштин жолунда турган бардык кыйынчылыкты жеңип чыга алды.

"Калкан" атайын күчтөрүнүн командасы УКМКнын жетекчилигине, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана колдоо көрсөткөн бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирет. Патриоттуулукка жана күчтүү духка негизделген "Калкан" атайын багыттагы отряды кийинки мелдештерде да, өзүнүн күжүрмөн чеберчилигин көрсөтүүгө даяр.

Белгилей кетсек, 2023-жылы “Калкан” спецназынын командасы жалпы командалык таймашта 8-орунга ээ болсо, жеке машыгуулардын биринде 3-орунга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий