• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулдагы гемодиализ борборунун курулушуна милдеттүү жеке компаниянын директору кармалды

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Токтогул шаарында Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандар үчүн гемодиализ борборунун имаратын куруу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жеке компаниянын директору кармалды Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, 2021-жылдын октябрь айында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына жалпы суммасы 15 млн 941 миң 684 сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыяланган, анда тендердин жыйынтыгы боюнча сунушталган 12 млн 907 миң 508 сом менен "А.С.С." ЖЧК жеңүүчү деп табылган. Бирок аталган мекеменин директору А.А.Б. эсебине 7 млн 781 миң сом түшүп, 2022-жылы курулуш иштеринин 10%ын гана бүтүрүп, дайынсыз жоголгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат, анын алкагында "Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын тескөө боюнча дирекциясы" мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий