• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКО-2019: Этношаарчада аялдар арасында ылдамдыкка боз үй тигүү боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында этношаарчада мыкты боз үй, улуттук тамак-ашты жасоо жана эң кызыктуусу аялдар арасында ылдамдыкка боз үй тигүү мелдеши болуп өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, ар бир облус жана Ош, Бишкек шаарынын ар биринен 6 адамдан турган команда катышты. Алар боз үйдү тигип-чечүү боюнча мелдешишти.

Маданий программада конкурстун 7 түрү боюнча жарышышты. Жарыштын жыйынтыгы эртең белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий