• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда ок атуучу куралдар текшерилип, профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Аксыда ок атуучу куралдар текшерилип, профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-январь күнү КР президентин шайлоону тынч өткөрүү максатында Жалал-Абад облусунун аймагындагы милиция тарабынан бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүп, мергенчилик сүйүүчүлөрдүн курал-жарактары текшерүүгө алынууда.

Ички иштер органдарына тиешелүү болгон шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр Аксы РИИБдин өздүк курамына жеткирилип, кошумча сабактар өткөрүлдү. Ошондой эле шайлоо күнү шайлоо участкаларындагы коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган кызматкерлердин жеке коргонуучу жана дезинфекциялык каражаттары даярдалды. Мындан сырткары коронавирустун алдын алуу багытында өздүк курам атайын вакцинациядан өткөрүлдү.

Ал эми Аксы РИИБде мергенчилик сүйүүчүлөрдүн 53 травматикалык жана 327 ок атуучу куралдары каттоого алынган. Милиция тарабынан ок атуучу куралдардын тиешелүү талапка ылайык сакталган жерлери текшерилип, 117 адамдын 16 травматикалык, 11 сайлуу жана 90 сайсыз куралдары текшерилип, ээлерине акт түзүлдү.

2020-жылдын 11-айынын жыйынтыгы менен Аксы РИИБи тарабынан жалпы 18 ок атуучу курал алынган. Анын ичинен 10 ок атуучу курал өз ыктыяры менен тапшырылган. Ал эми 8 ок атуучу курал мыйзамсыз алып жүргөн жеринен алынып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган.

Мындан сырткары Аксы районунун аймагында жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында тегерек столдор уюштурулду. Жыйындарда адам укуктары жөнүндө лекциялар окулуп, кенен маалыматтар жеткирилүүдө.

Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү саналган 9-11-класстар арасында жолугушуулар өткөрүлүп, аларга кылмыш жана кырсыктардан алыс болуу керектиги эскертилүүдө. Жаңы жылдык кечелерди уюштурбоо жана күн суук мезгилдерде түнкү убакыттарда көчөгө чыкпоо зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий