• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облустук соту 2021-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Качыке Эсенкановдун жетекчилиги алдында Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын биринчи жарым жылындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме видеобайланыш аркылуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Асанова, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Медер Жаныбеков, Алмазбек Апышев, Канат Аманов жана биринчи инстанция сотторунун төрагалары менен судьялары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө облустук соттун төрагасынын орун басарлары ар бир судьянын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты.

Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун биринчи инстанция соттору тарабынан жарым жыл ичинде жалпы 4 821 иш каралган. Ал эми апелляциялык инстанцияда жалпы 354 иштер каралган.

Медер Жаныбеков катышуучуларга үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында соттор тарабынан аткарылган коомдук иштери тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди талдоо жана жоюу, калктын укуктук билимин жогорулатууга, сот тутумунун ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган иш-чараларды уюштуруу тууралуу көптөгөн маселелерге токтолду.

Ошондой эле судьяларды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, иштерди белгиленген мөөнөтүндө карап, сот актыларынын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий