• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.12.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгына кабылгандарга медициналык биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз кызматы Сталбек Усубакунов билдирет.

Анын айтымында, окуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен КР ИИМнин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.

Усубакунов кабарлагандай, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү патрулдук милиция кызматкерлери билүүлөрү керек. Анткени кырсык болгон жерге алар биринчилерден болуп келишет.

Иш-чаранын башкы максаты - жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу.

Мындай окуулар Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий