• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улан Ниязбеков түштүк аймактагы милициянын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында Ош шаардык жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын жетекчилери, ИИМдин ички аскерлеринин 703 аскердик бөлүгүнүн, "Шумкар" атайын багыттагы полкунун командирлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйындын маселеси катары учурдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү, референдум учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоону талаптагыдай уюштуруу маселеси болду.

"Ички иштер органдарынын кызматкери шайлоо процессине аралашпоосу керек. Кайсы бир саясий партиянын өкүлүнүн кызыкчылыгын коргой турган болсо, мыйзам алдында жооп берет. Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздуктун сакчылыгында болуп, шайлоо алдындагы, шайлоо учурундагы жана шайлоодон кийин дагы ушул милдетти аркалайт", - деп белгиледи министр.

Аймактардагы ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте өз ара тыгыз мамиледе болуп, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

Жыйында катышкан кызматкерлерге өздүк курамга жеткирип коюу талабы менен 10 пункттан турган тапшырма коюлду.

Пикир

Оставить комментарий