• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улан Ниязбеков ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда ички иштер министрлигинде Улан Ниязбеков Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков учурдагы тездик менен жүрүп жаткан ааламдашуу, технологиянын өнүгүшү кылмыштуулуктун да транформациялануусуна шарт түзүп, транс улуттук кылмуштуулук, өзгөчө кибер, баңги, мыйзамсыз миграция, терроризм жана экстремизм кылмыштарына өнөктөш мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте каршы туруу негизги орунга ээ экенин белгиледи.

Бул көрсөтүлгөндөрдүн негизинде ТМУнун курамындагы мамлекеттердин укук коргоо органдары, өзгөчө Ички иштер министрликтери/полициялары ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү менен тыгыз иш алып баруу мезгилдин талабы болууда.

Ошондуктан, белгиленген кылмыштарга каршы өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, биргелешип өткөрүү иш-чараларын өнүктүрүү максатында КР ИИМи уюмга мүчө мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин/полицияларынын жетекчилери менен 2024-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда жолугушууну уюштуруп, кызматташуу маселелерин олуттуу карап, биргелешкен иш-аракеттердин келечегин талкуулоо демилгесин билдирди.

Өз кезегинде башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ИИМдин демилгесин колдоп, мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргиликтүү иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын маалымдады.

Жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы мүмкүн болгон кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий