• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов Өзбекстан жана Казакстандын жардамы тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Өзбекстан 1 миң тонна буудай жана 500 тонна пахта үрөнүн берет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып билдирди.

Анын айтымында, 25-26-марттагы Өзбекстанга болгон иш сапары жемиштүү болду.

“Бир топ протоколдорго кол коюлду. Эки өлкөнүн соода алакасын жакшыртуу, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү келиштик. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт. Ошондой эле бизге 1 миң тонна буудайдын үрөнүн берди, анын жарымын акысыз негизде. 500 тонна пахта үрөнү берилет. Анын жарымы кайтарымсыз негизде болсо, жарымын убагы келгенде пахта иретинде беребиз. Аны менен бирге акысыз негизде 10 миң көчөт бекер берилди”, - дейт ал.

Ошондой эле премьер-министр кечээ, 2-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылыш салтанатына катышкандыгын баса белгиледи. "Анын алкагында Казакстан премьер-министри менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүрдү", - деди ал.

Марипов Казакстан муктаж үй-бүлөлөргө деп 10 миң тонна ун берерин белгиледи.

“Күтүп жатабыз. Ал калктын аярлуу катмарларына таратылат. Ошондой эле Казакстан 1 миң тонна күздүк буудайдын үрөнүн жардам катары берип жатат”, - деди премьер.

Пикир

Оставить комментарий