• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк бүгүндөн тарта эки коллекциялык тыйынды жүгүртүүгө чыгарат — сүрөт

Экономика 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүндөн тарта кезектеги коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарат.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, жалпы төрт коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылмакчы. Алар: «Тарыхый окуялар» сериясынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» жана «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын «Бешикке салуу» коллекциялык монеталары.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» коллекциялык монетасы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынын урматына арналып чыгарылган. Конституция азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеп, мамлекеттин эң жогорку баалуулуктары - адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары түстүү ыкмада берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы чагылдырылган. Монетанын сол жагында: «Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл / Конституции Кыргызской Республики – 30 лет» деген жазуу жайгаштырылган, ошондой эле монетанын номиналы жана сомдун графикалык белгиси (5 С) түшүрүлгөн.

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы Кыргызстандын тарыхын, маданиятын таанытуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук салттарын жандандыруу максатында чыгарылган.

«Бешикке салуу» – кыргыздардын бала төрөлгөндө жасалуучу улуттук үрп-адаттарынын бири. Салтка ылайык, жаңы төрөлгөн бала менен энени колдоочу ыйык эне болуп саналган Умай энеден балага узун өмүр, ден соолук тилеп, ымыркайды көп жашаган, дөөлөттүү байбиче бешикке салат.

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары бала кармап отурган эне жана алтын жалатуу технологиясын колдонуу менен аткарылган бешиктин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында «Бешикке салуу» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (28,28 g) берилген.

Пикир

Оставить комментарий