• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук кадрлар резервинде бүгүнкү күндө бир гана адам бар - МКК

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Улуттук кадрлар резервинде бүгүнкү күндө бир гана адам бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский билдирди.

Ал учурда улуттук кадрлар резервинде тандоо жүрүп жатканын белгиледи.

“Биринчи баскыч өттү. 700дөн ашуун адам билдирме берген. 200гө жакыны экинчи баскычка өтүштү. Апрелде улуттук кадрлар резервин түзөбүз деп турабыз”, - деди ал.

Депутат Абыдгапыр Тиллаев мурда мамлекеттин эсебинен даярдалган кадрлардын тагдыры эч кимди кызыктырбай жатканын билдирди.

“Биз учурда кадрлар жагдайы кандай экенин көрүп турабыз. Биз 25 жыл даярдаган кадрлар эмне болгонун билбейбиз. Алар энергетиктер жана финансисттер”, - деп, бул маселени кеңири карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий