• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук валюта – сомго 30 жыл. Бишкекте салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара кыргыз сомунун тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттеги маанилүү окуялардын бири – улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул процессте олуттуу роль ойногон Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгиледи.

Ал Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алып, жүгүртүүгө киргизген мурдагы Союздун мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болгонун айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республиканын ичинде басып чыгара баштаарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңсе болоруна ишенип, келечекке жакшы үмүт менен кароого чакырды.

Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий