• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Унаалар катары менен токтотулат. Бишкекте жол эреженин сакталышы боюнча рейд өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында рейддик иш-чара өткөрүлөт.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрү адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочулар көп байкалууда. Мындан улам кайгуул кызматы тарабынан Бишкектин аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, баңгизаттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо, ошондой эле автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып же унаага жана айдоочуга тийешелүү документтери жок айдаган айдоочуларды аныктоо, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата атайын чоң масштабда рейддик иш-чара өткөрүлөт.

Рейддик иш-чара Бишкек шаарынын аймагындагы бардык 4 райондун белгилүү көчөлөрүндө автоунааларды катары менен токтотуп текшерүү менен коштолот. Андыктан жалпы айдоочуларга алдын ала эскертүү менен бирге жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий