• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Исаковдун өкмөтүнө иштөөгө убакыт берүү керек деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Сапар Исаковдун өкмөтүнө иштөөгө убакыт берүү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ал Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 26 жылында 28 премьер-министр алмаштырылып, ушуга чейин эч кандай улантуучулук жок болуп келгенин белгиледи.

“Эгерде ушул темп менен улантсак, анда премьер-министрди жыл сайын алмаштыра беребиз. Премьерге кандайдыр бир натыйжаларды көрсөтүү үчүн бир жылдык иш аз. Ошондуктан биринчи жыл курчуу менен өтөт”, - деп эсептейт ал.

Депутат жаш муундун өкүлү катары Сапар Исаковго иштөө үчүн убакыт берүү керек деп эсептейт.

“Мындан тышкары премьер Исаков өкмөткө министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрүн алып келген эмес. Көптөрүн депутаттар көрсөткөн. Анан эмнегедир эле эл өкүлдөрүн алар көрсөткөн чиновниктердин “айыптары” нааразы кылбастан, баарын премьер-министрге илип коюп жатышат. Сапар Исаковдун катачылыктары бар, бул факт. Менин өзүмдүн да суроолорум бар. Бирок башкаларга караганда, ал жоопкерчиликти алууда”, - деп кошумчалады ал.

Сурабалдиева өкмөттүн отчетун сындаган парламенттик азчылык коалициясынын көп бөлүгү бир кезде министрлер кабинетинде жогорку кызматтарды ээлеп келишкенин билдирди.

“Алар өз ишмердиги боюнча отчет берип башташсын. Ар ким сындай алат, бул жеңил”, - деп кошумчалады эл өкүлү.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-апрелде Жогорку Кеңештин оппозициялык партиялары (“Республика-Ата Журт”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс”) өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты.

Өткөн жумада КСДП жана “Кыргызстан” партиялары канааттандырат деп баалаган.

Пикир

Оставить комментарий