• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Екатеринбургда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий кече өттү

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 12-декабрда Екатеринбург шаарындагы Б.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинде (УрФУ) Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий кече өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара УрФУнун колдоосу менен окуу жайдын кыргызстандык студенттер коомчулугу тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө окурмандар сынагы өтүп, анда Ч.Айтматов жөнүндө, анын чыгармаларынын каармандары тууралуу акындардын ырларынан үзүндүлөр окулду.

Ошондой эле кече жазуучунун өзү жөнүндө жана анын чыгармаларынын негизинде тартылган документалдуу жана көркөм тасмалардын үзүндүлөрүн көрсөтүү менен коштолду.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери өз сөзүндө, улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын өзгөчө белгилеп, иш-чараны уюштургандары үчүн студенттерге жана университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кечеге Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, УрФУнун студенттери, мекендештердин диаспоралык уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий