• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Унаанын" Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Пара талап кылуу") боюнча каралган кылмыш ишинин алкагында пара алып жаткан жеринен “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкери жана ортомчу кармалды.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. ортомчу Б.Ш.Ж. аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунунан айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн экзаменди тапшыруу маселесин оң жагына чечип берүү үчүн коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгынын оператору А.М.И. жана ортомчусу Б.Ш.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган жарандар Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий