• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Валерий Кичин москвалык "Торпедо" клубунун катарында машыгууда

Спорт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасынын капитаны Валерий Кичин москвалык "Торпедо" клубунун катарында машыгууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган клуб билдирет.

Жакын арада Кичин "Торпедо" менен контракт түзүшү мүмкүн.

"Кыргызстандын курамасынын коргоочусу "Торпедо" клубу менен машыгат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кичин Беларустун "Динамо" клубунун катарында ойноп келген. Жакында эле аталган клуб ортодо түзүлгөн келишим эки тараптын макулдугу менен токтотулганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий