• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылында турак үйдүн 2 чарчы метр жер төлөөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында турак үйдүн 64 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Баймырза айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 100 чарчы метр чатыры жана 100 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Ош облусунун Ноокат районунун Нарай айылында турак үйдүн 16 чарчы метр жыгач полу, шыбы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Турпак айылында турак үйдүн 2 чарчы метр мордун тегери жана короодо 500 кг тезек күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларынын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында турак үйдүн 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий