• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Венгрияда Кыргызстандын Маданият күндөрү расмий ачылды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Кечээ, 11- августта Венгриядагы Кыргызстандын Маданият күндөрү расмий ачылып, ага КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талант Кушчубеков, Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак катышты.

Ведомстводон билдиргендей, расмий конок катары "Түрксой" эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Дүйсен Касеинов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, Венгрияда жашап жаткан кыргыздар жана мамлекетик органдардын өкүлдөрү чакырылды.

Маданий күндөрдүн ачылышында министр Азамат Жаманкулов майрамдык салтанатка келген катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

"2022-жылы Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун белгилөө менен кыргыз-венгер мамилелери ишенимдүү мүнөздө болуп, тең укуктуулук жана өз ара урматтоосу системалуу түрдө өнүгүп келе жатат", - деди ал.

Министр Кыргызстан менен Венгрия жөн эле дос, ишенимдүү өнөктөш жана союздаш эмес, түрк элдеринин түпкү биримдигине негизделген бир тууган эл экенин айтып, кыргыздар менен венгрлерди жалпы тарыхый тамыр байланыштырып тургандыгына токтолду.

Аны улай 2020-жылы Бишкекте Венгриянын элчилигинин жана 2021-жылы Будапештте Кыргызстандын элчилигинин ачылышы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калгандыгын баса белгиледи.

"Буга "Манас" эпосунун венгер тилине которулушу, Будапештте венгер-кыргыз достук коомунун түзүлүшү жаркын мисал боло алат", - деген Жаманкулов мындан сырткары, эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды өркүндөтүүгө мисал боло турган бир катар алгылыктуу иштерди баса белгилеп, мындай аракеттер салт катары уланат деп кошумчалады.

Андан соң Кыргызстандын маданият күндөрүнүн программасы башталып, кыргыздын каада-салтын, маданиятын чагылдырган концерттик программа тартууланды. Анда манас айтылып, фольклордук ансамблдин аткаруусунда улуттук ыр-күүлөрү жаңырды.

Пикир

Оставить комментарий