• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер-министр Ж.Разаков Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар болгон жерге барды

Өкмөт 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жумуш сапарынын журүшүндө Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар болгон жерге барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков Майлы-Суу шаарындагы жер көчкүнүн кесепеттери менен таанышып, Авлетин айылындагы дарыянын абалын көрүп, Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы сел жүргөн жерлерди кыдырып чыкты.

Абал менен жеринен таанышкан вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүнү жана жабыркаган аймактардагы жергиликтүү тургундарга бардык керектүү жардамдарды тез арада көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ала-Бука районун 80 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты.

Жеңиш Разаков премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн окуп, бир катар райондун тургундарына Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Ала-Бука району өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктанат. Анда Сафет-Булан айылында «Шахфазил» тарыхый комплекси сыяктуу эл арасында «Кичи Мекке» аталган байыркы маданий эстеликтер бар. Ал ЮНЕСКО дүйнөлүк баалуулуктарынын тизмесине кирген.

Пикир

Оставить комментарий