• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кожошев: Ата мекендик ишкерлердин сауд кесиптештерине берүүчү сунуштары бар

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын жана Сауд Аравиядагы ири инвестициялык компанияларынын кыргыз-сауд бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев өз сөзүндө эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун көңүлүн биргелешкен инвестициялык кызматташуунун келечектүү түйүндөрүн аныктоого буруп, форум кыргыз жана сауд ишкерлердин ортосунда өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди.

"Бүгүнкү иш-чарага сауд өнөктөштөрү менен эки тараптуу кызматташууну түзүүгө жана өнүктүрүүгө умтулган экономиканын түрдүү тармактарынан 100гө жакын кыргызстандык компаниялар катышууда. Ошондой эле көп сандаган сауд ишкерлердин катышуусу алардын да кызыкдар экендигинин далили болуп саналат", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Сауд Аравиясында чоң суроо-талапка ээ.

"Биз Сауд Аравиясынын талаптарына ылайык товарларыбызды керектүү көлөмдө жеткирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз", - деди Арзыбек Кожошев.

Андан соң ата мекендик компаниялар менен сауд ишкерлеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу аземи болду.

Натыйжада Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосунда 3 документке кол коюлду:

1. «Кыргыз Республикасынын шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси - «Fas Energy»;

2. «Кыргыз Республикасынын шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси» – «Ajlan&Bros Holding Group»;

3. Айыл чарба министрлиги - «Ajlan&Bros Holding Group»;

4. «Gimnili» жоопкерчилиги чектелген коому - Ain Salsabilla Trading Company.

Пикир

Оставить комментарий