• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕӨБ Кыргызстандын өнүгүүсүнө оң баасын берди — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 22.12.23./Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) аналитикалык макроэкономикалык баяндамасын жарыялап, анда Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө оң баасын берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

“Өлкө экономикасы туруктуу болуп, инфляциянын деңгээли төмөндөдү. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 72,6 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 4,4%ды түздү. Кумтөрдү эсепке албаганда 6,7%га өстү”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө "азык-түлүк рыногунда бааларды турукташтырууга жана тең салмактоого жардам бере турган жетиштүү сандагы продукция бар" деп кошумчалады.

“Ундун жана андан жасалган азыктардын кымбатташын чектөө боюнча Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген кошумча чаралар социалдык маанидеги айрым товарлардын баасына оң таасирин тийгизди”, - деди ал.

МинКаб Төрагасы Улуттук статистикалык комитети өзүнүн эсептөө ыкмаларын жакшыртканын жана өркүндөтүүнү улантып жатканын белгиледи.

“ИДПнын көрсөткүчтөрүн эсептөөдө 2008-жылдагы Улуттук эсептердин эл аралык системасынын стандарттары кабыл алынган. Мында продукцияга салыктардын физикалык көлөмүнүн индексин эсептөөнүн ЭВФ тарабынан сунушталган методологиясы колдонулуп, чарба жүргүзүүчү субъекттерди камтуу жакшыртылды. Улуттук статистикалык комитеттин бул багыттагы иши улантылат”, — деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий