• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Кыргызстандын туусун өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 22.13.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декбрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат, ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган.

Пикир

Оставить комментарий