• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Таалатбек Масадыков ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.13.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий