• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Субаналиев Өмүрбек Исаковичтин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 22-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий