• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Курбаналы Ниязбеков Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Курбаналы Ниязбеков Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал буга чейин Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында көркөм жетекчи жана улуттук “Манас” театрында режиссёр-коюучу болуп эмгектенген болчу.

Пикир

Оставить комментарий