• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттук наамдары ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 22.12.23 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттук наамдары ыйгарылды.

Департаменттен билдиришкендей, Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиевге, Кыргызстандын пара дзюдо боюнча федерациясынын президенти Райымбек Мааткабыловго “КР дене тарбия жана спортунун отличниги” наамдары тапшырылды.

Ошондой эле дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Абдыманап Бахтиержановго департаменттин Ардак грамотасы тапшырылды.

Наамдарды Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн жетекчиси Тилекмат Абдрахманов тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий