• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ДКО: “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча курама команда 10 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 02.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын "алыш" күрөшүнүн эркин түрү боюнча улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.

Кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

80 кг салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.

Ошондой эле, 70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.

Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий