• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык оор атлетчи эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков эл аралык мелдеште дароо эки медаль утту (алтын, күмүш). Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Катардын Доха шаарында 4-14-декабрь күндөрү өттү.

Бекдөөлөт Расулбеков 109 кг чейинки салмакта катышып, түртүп көтөрүү ыкмасында 219 кг салмакты багындырып, алтын медалга ээ болду. Жулкуп көтөрүүдө 162 кг салмакты көтөрүп, жыйынтыгында 2-орунду камсыздай алды.

Ал эми 67 кг чейинки салмакта катышкан Ишимбек Муратбек уулу түртүп көтөрүү ыкмасында 164 кг багындырып 3-орунду ээлеген

Пикир

Оставить комментарий