• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Кѳл облусунун Ново-Вознесеновка айылындагы мектептин курулушу 60%га даяр

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ново-Вознесеновка айылындагы жаңы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө, учурда 60 пайызга даяр болуп калды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан чатырдын үстүн жабуу жана дубалдарын шыбоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, электр куроо, суу жабдуу, канализация жана сырткы тармактарды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле терезе блокторун орнотуу боюнча иштер башталды.

Ал эми долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары каралган.

Ошондой эле мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылат.

Белгилей кетсек, бул билим берүү обьектиси 375 окуучулук орунга эсептелген. Анын курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен башталган. Объекттин сметалык наркысы 1 млн 203 миң 974 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 486 миң 164 АКШ доллары каржыланды.

Мектептин курулушун жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий