• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө автомектептердин курсанттары инспекторлор менен биргеликте жол коопсуздугун камсыз кылышууда

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө автомектептердин курсанттары жол коопсуздугунун инспекторлору менен биргеликте жол коопсуздугун камсыз кылууга катышууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айынын башында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев автомектептердин жетекчилерине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык рейддик иш-чараларга курсанттарды тартуу боюнча демилге көтөрүп чыккан.

Бул демилгени автомектептердин өкүлдөрү бир добуштан колдоп, алар тараптан курсанттар үчүн бирдиктүү үлгүдөгү атайын жилеттер даярдалган. «Бүгүн Каракол шаарынын борбордук аянтында жол коопсуздугун камсыз кылууга тартылган курсанттар үчүн атайын инструктаж болуп өттү»,-деп айтылат маалыматта.

Инструктаж учурунда облустук милициянын башчысы курсанттардын окуусу жана жол эрежелери боюнча билимине кызыкты. Андан кийин жол коопсуздук инспекторлоруна иш жүзүндө айдоочулар кандай эреже бузууларды көп жасашарын көрсөтүү милдетин койду.

Келечектеги айдоочулар кантип айдаганды жана айдабай тургандыгын, каршы тилкеге чыгып кетсе же жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койсо, эмне болору жөнүндө кызыгып жатышты.

Өз кезегинде жол кайгуул кызматынын инспекторлору кылдаттык менен жана жол эрежесин бузган айдоочулардын үлгүсүндө курсанттарга эрежелердин кандай талаптары бузулгандыгын жана алар кандай жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрүп берип турушту.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы боюнча ЖКККБдан белгиленгендей, мындай иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий