• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга Түркия аркылуу чартердик каттам менен келет

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Коронавируска каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга Түркия аркылуу чартердик каттам менен келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, 150 миң дозадагы вакцина өлкөгө ушул жумада келиши күтүлүүдө.

“Вакцинаны күтүп жатабыз. Аба каттамдардагы бир катар чектөөлөрдөн улам вакцинаны алып келүү кыйынга турууда”, - дейт ал.

Ишенапысова кошумчалагандай, жеткирүү иштерине ЮНИСЕФ көмөктөшүүдө. Аталган уюм вакцинаны Түркия аркылуу чартердик каттам менен жеткирет.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытай Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm вакцинасын берген.

Пикир

Оставить комментарий